Жан эркем

Artist: Ильяз Андаш (Кыргыз тили)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Updated last time:
Nurlan Borubaev,
July 20, 2020, 2:18 PM
Get it on Google Play

Text

 A
Ай чыкканда балбылдап,
 D           A          E           A        
Айды көрсөм сени көрүп тиктей берем жалдырап.
 D                 A
Айдай сезем элесиңди,
 D                 A
Айдан түшүп келесиңби?
 E                  A 
Келесинби, жан эркем?
 Bm         E      A
Келесиңби деги сен?

Суу жээгинен кучактап,
Сууну көрсөм сени көрүп карай берем кылчактап.
Суудай көрөм элесиңди,
Суудан агып келесиңби,
Келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Арчадагы булагым,
Билдиңерби, көрдүңөрбү аскадагы уларым?
Кырдан издейм элесиңди,
Кырдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Жылдыз болуп койнума,
Кирип келчи, эркелетчи колуң коюп мойнума.
Жүрөк какшайт, не кылайын?
Кара көзүм, ананайын,
Ананайын, жан эркем,
Келесиңби деги сен?

Comments