Artist: | Керим Турапов (Кыргыз тили) |
User: | inash azim инаш азим |
Duration: | 130 seconds |
Delay: | 12 seconds |
Chord names: | Not defined |
Abusive: | |
Comment: |
Керим Турапов "Туулган жер" Сөзү : К. Тураповдуку Обону : К. Тураповдуку |
Am Am
Кылымдардан кылым карытып,
E E⁷ Am
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Dm F
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
E E⁷ E Am
Туулган жердин суусун сагындым.
Dm F
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
G C
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Dm Am
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
G F
Ииии. Иии
Dm E E⁷ E Am
Аталардын кебин сагынам.
Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.
Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.